www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош милициясы тарабынан 2013 жана 2017-жылы туулган жаш балдардын тилемчилик жасап отурушкан жеринен аныкталган. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттиги жазып чыккан.
Териштирүү учурунда бул балдар Ноокат шаарынан Кара-Суу районундагы таенесинин үйүнө келишип, таенеси аларды тилемчилик жасоого чыгарып койгондугу белгилүү болгон.
Маалыматтарга караганда балдардын ата-энеси ажырашкан. Алардын үй шарттарын кароо учурунда өтө оор шарттарда жашагандыгы жана балдар эч жерде окубагандыгы аныкталган.
Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева эки баланын апасы биринчи турмушунан ажырашкандан кийин жакында экинчи ирет күйөөгө чыкканындыктан балдар таенесинде калтырылгандыгын айтып берген. Бул тууралуу Раева жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.
"Балдардын атасы Ноокат районунун тургуну болгондуктан, ошол жактын эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө кат жолдодук. Учурда комиссия түзүлдү. Райондук бөлүм тарабынан иликтөө жүрүп жатат", — деп кабарлаган Раева.
Алдын ала маалыматтарга караганда балдардын атасы да, апасы да жумушсуз болгондуктан балдарга таякелери жардам берип келген. Учурда бөбөктөр калаадагы "Боорукердик" балдар үйүндө тарбияланып жатат. 7 жаштагы баланын күбөлүгү бар, бирок 4 жаштагы инисинин документи жок болуп чыкты.
Алар экинчи ирет тилемчиликке чыккан күнү милиция кызматкерлери кармаган. Комиссиянын чечими менен балдар туугандарына өткөрүп берилиши мүмкүндүгү айтылууда.
Булак:NazarNews.kg