www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1945-жылдын 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Кандуу согуш 1418 күнгө созулган. Биздин аталарыбыз жөн гана Жеңиш үчүн гана согушпастан, алар биздин келечек үчүн согушушту, бизге тынчтыкты жана бактылуу турмушту тартуулашты. Биз өзүбүздүн аталарыбызга, чоң аталарыбызга, энелерибизге, чоң энелерибизге ушул жашоону тартуулагандыгы үчүн карыздарбыз. Биз бүгүн гана эмес, ар бир күнү ыраазычылыгыбызды билдирүүгө милдеттүүбүз.

Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, ички иштер министринин орун басарлары Курсан Асанов жана Алмаз Орозалиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев ооруктун ардагерлери Ешенкул Усубалиев менен Чоюнбек Сагынбаевди, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жубайлары Н.Новикова, Т.Барсукова, Н.Ромашова, К.Сагынбаеваларга барышып, жылуу сөздөрүн айтышып, куттуктап келишти.
Министрдин орун басарлары ардагерлерди келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттукташып, Жеңиш үчүн жалпы салымдарын кошушуп, фашизмди жеңүүгө түрткү берген ооруктагы адамдардын дагы талыкпас эмгектерин баса белгилешти.

Өз кезегинде, ооруктун ардагерлери Е. Усубалиев менен Ч. Сагынбаев согуштун оор күндөрүн, өздөрүнүн өмүр таржымалын эскеришип, сүрөттөрүн көрсөтүшүп, насаатчылык кебин дагы айтышты. Азыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуштун жеңүүчүлөрүнүн көбү тирүү эмес. Бүгүнкү күнү ардагерлер өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Ооруктун эмгекчилери менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жубайлары милицияларды көңүл буруп келип куттуктап кетишкендерине ыраазычылыктарын билдиришип, Мекенге болгон кызматтарына ийгиликтерди каалашты.

Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында бардыгы Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин атынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Азыркы учурда, ушундай иш-чаралар республиканын бардык аймактарында өтүп, ИИОнун түзүмдөрүнүн жетекчилери, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери-отставкадагы милицияларын, ооруктун эмгекчилерин куттукташууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости