www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы МакSимдин (ред. өз аты Марина Абросимова) менеджери Маргарита Соколова ырчынын ден соолугу туралуу чет элдик маалымат булактарынын бирине берген маегинде айтып берди. Анын айтымында азырынча дарыгерлер МакSимдин оорусу боюнча так диагноз коё албай жатышат.
“Биз жаңы иштеп баштаганбыз. Ага баары жакышыдай эле сезилип жаткан, бирок абалы кескин түрдө оорлошуп кетти”,-деп айткан Соколова.
Басылманын айтымында ырчы башы жана буту ооругандыктан уктай албай жатат.
36 жаштагы ырчынын жардамчысынын айтымында МакSим белгисиз мөөнөткө чейин эмгек өргүүсүнө чыккан жана жакынкы арада иш-чараларга катышпайт.
Бул маалымат жөнүндө ырчы да өз социалдык тармагы аркылуу жазып, ММКнын өкүлдөрүнөн анын абалы тууралуу апыртпай жазууну сураган.
Эскерте кетсек, 2019-жылы ырчы клипке кечикпөө үчүн аэропортко шашып баратып, жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен ырчы жаракат алып, ооруканага жаткыралган эле.
Ырчы кырсыктан кийин өзүн күзгүдөн көрүп алып таң калууда
Кырсыктын кесепети бүгүнкүгө чейин байкалып жатат. Ырчынын ден соолугу калыбына келиш үчүн дарыгерлер карьерасын токтотуп, айыгууга жакшы көңүл бурушу керектигин айтышууда.
Булак: NazarNews.kg