www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Арстанбап айылына Россияда эмгектенген кыргызстандык жеке ишкер Кубат Досматов 180 орундуу мектеп куруп бергени маалым.

 Мектептин курулушу үчүн эки бир тууган 25 сотых  жер бөлүп берген болсо, айыл эли өздөрү курулушка жардам берип, кара жумуштарын жасашкан. Ушинтип ынтымактын арты менен бүткөн жумуштун артынан айыл эли жаңы мектептүү болушкан.

Бул ирет Өзгөн районунун Прогресс айылына жеке ишкер Базаргүл Анарбаева 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу бала бакчаны куруп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирген. Маалыматка караганда курулуш иштерине 13 миллион сом жумшалган.

Жаңы бүткөн бала бакча 17-сентябрда ишке берилди. Ачылыш салтанатына өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Жаңы курулган бала бакчага учурда 80 бөбөк кабыл алынды. Мындан тышкары, мектепке чейинки даярдоо курсун орус тилинде ачуу пландалып жатат", — деп айтылат кабарда.

Бакча Жылалды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.

Ушундай ынтымактуу иштердин учугу узара берсин...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости