www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө үнөмдүүлөр үчүн жаңы такси кызматы – каалаган жериңе капотто жетүү.  Бул тууралуу алгач “ВКантакте” социалдык түйүндө пайда болуп, учурда интернетти аралап кеткен видеодо байкалды.

Анда айтылгандарга караганда, кечээ, 16-январь күнү күндүз Белгород шаарынын тургундары «Яндекс.Такси» унаасынын айдоочусу кардарын капотуна жабыштырып келгенин көрүшкөн. Албетте, өзгөчөлөнгөн көрүнүштү уюулдук телефондоруна тартып алышкан.

Мындан сырткары видео пайда болгон посттордо окуянын күбөлөрү комментарийлерин калтырышкан. Ал айтылгандарга таянсак, капотто жабышып бара жаткан кардар айдоочуга бир нерсе айткысы келип, унаанын алдыңкы терезесин бир нече ирет каккылаган. Ага карабай жүргүнчүнү дарегине жеткирген таксист,  кардарынын сумкасын кайтарып берген.  Бирок акча жана баалуу буюмдарын өзүндө калтырып калгандарын чачып жиберген.

Учурда бул инцидентти жергиликтүү полиция, жол кайгуул кызматы менен биргеликте иликтеп жатканы айтылууда.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости