www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз атасы  15 жаштагы кызын зордуктап...

Кыргызстан боюнча өткөн жылы,  үйүндө атасы тарабынан зордукталган боюнча 5 факты катталган. Бул тууралуу  бүгүн, 17-январда ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчиси Сыргак Айткурманов билдирди.

Анын билдиришине  караганда, бул кылмыштар өз атасы же өгөй атасы тарабынан жасалган.

Эске салып, аталган  фактылардын бир нечесин айта кетсек.

 2019-жылдын 17-октябрында Кара-Көл шаарында 17 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөн.

 Ал эми, Өзгөн районунда өз атасы  15 жаштагы кызын зордуктап, өспүрүм кыздын боюна бүтүп калган. Ал кийин, 2019-жылдын 5-апрелинде  Ош шаарындагы төрөт үйүндө кыз  көз жарган.

Мындан тышкары, 2019-жылдын  7-май айында  милицияга атасына чара көрүүнү суранып аял кайрылган. Анын айтымында, атасы небересин зордуктап жүргөн. Ошол эле күнү 55 жаштагы эркек киши кармалган.  Колго түшүрүлгөн адам күнөөсүн мойнуна алып, 2017-жылдан бери кызы жумушка кеткен учурда анын кичинекей балдарын карап калаарын айткан.

2019-жылдын апрель айынан бери ал улуу небереси менен интим темаларында сүйлөшүп, ага порно тасмаларын көрсөтүп, кийин бир нече жолу сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн.

8-май күнү райондук соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган. 10-май күнү таңкы саат 06:50дө кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын камерасынан өз жанын кыйган.

Жогоруда тизмектелгендер чуулуу окуялардын айрымдары гана. Балким, коомчулукта балдарга карата жасалган кылмыштар мындан дагы көп болуп, ич ара жаап-жашырылып жаткандыр. Зөөкүрлөрдөн запкы чеккен наристелердин, жеткинчектердин  тагдыры кандай болуп, психологиясы, ден соолугу эмне болот булардын баардыгы бүдөмүк боюнча калууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости