www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык модел кыз “кетем” деп коркутууда. Тагыраагы Сусанна Егорян аттуу кыргызстандык кыз, “Miss Asia World – 2019” эл аралык сулуулар сынагын жеңип келгенден кийин бийликке жана элге нааразы болгонун Инстаграмм баракчасына жазып чыкты.
Анда Сусана ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңди. Керек болсо аны чет өлкөнүн жаңылыктары кеп кылып жаткан учурда, өкмөт расмий кездешип же ага белек-бечкек бермек тургай, “рахмат” деп айтканга жараган эмес. Муну ал көпкө күткөн. Анан акыры өкмөт уялсын деген таризде минтип таарынычын жазганын билдирет.
Айтмакчы, Егорян өзү деле жакшы билет экен биздин өкмөт чыгармачыл адамдар менен эсептешпей турганын. Анан минтип анын “жакынкы убактарда жарандыгымды алмаштырууну ойлонуп жатам” дегенин биз жөн эле коркутуу же милдет кылуу катары кабыл алдык. Же ал Айсулуу Тыныбековага атаандашып жатабы деген да ой кетет экен?..
Белгилей кетсек, Сусанна Егорян көпчүлүккө, 2017-жылдары өткөрүлгөн World Next Top Model аттуу сынагынан кийин белгилүү болгон. Тагыраагы, анда, Кыргызстандык бул модель сынакта Армениянын лентасын тагынып чыгып алып, жердештеринин жемесинде калган болучу.
Булак:NazarNews.kg