www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 1994-жылы туулган тургуну Айгүл Бактыбекова 2-май күнү Тоң райондук ооруканасына мурдагы жолдошу тарабынан сабалып, жаткырылган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине милициядан билдиришти.

Жабырлануучу аялдын айтымында, мурдагы жолдошу Т.Э. 1990-жылы туулган. Учурда Бөкөнбаев айылынын четиндеги Чил-Коо участкасында жашайт. «Ортобузда 2 уул: 4 жана 6 жаштагы балдарыбыз бар. Биз 2017-жылдан баштап эле жашабай калганбыз. Мени сабачу. Бирок 2018-жылы расмий түрдө сот аркылуу ажыраштык. Соттун чечими менен балдар мени менен калды. Алимент төлөгөн жок. Мен дагы алимент төлө деп тынчын алган жокмун. Мурдагы жолдошумдун аялы, бир баласы бар. Балдар чоңоюп калганда 2019-жылдын күз айларынан баштап чоң ата, чоң энеси үйгө келип, биз эле багабыз деп балдарды талашып башташты. Анан ай сайын үйлөрүнө алып кетишчү.

Ушул жылдын март айында карантин башталганда балдарды алып кетип, кайра такыр алып келишкен жок. Анан 1-май күнү айла жок барып, балдарымды алып келдим. Барсам, балдарым каралбаптыр, денесинен көк ала көрдүм. "Эмне болду?" деп сурасам, балдарым мурдагы жолдошумдун аялы "качан кетесиңер?" деп сабады дешти. Анан балдарымдын кээ бир кийимдери калып калган, эртеси, 2-май күнү ошолорду алганы жана эмнеге урушканын айтканы бардым. Кайненеме "бул эмне кылганыңар? Сизге ишенип берсем, ушундай кыласыңарбы? Келиниңер сабаптыр" деп айтып жатканда келини кирип келип калды. Ага да айттым, экөөбүз кайым айтышып, урушуп кеттик. Мен сиңдим менен баргам, кайненеме "кийимин чогултуп бергиле, мен кетейин" деп эшикке чыксам, короодон күйөөм мени көрүп, ызырынып, "эмне келдиң?" деп мени жулкулдатып, көзүмө бир сокту. Кулагандан кийин да бетке чапкылады.

Сиңдим да "эмнеге чаап жатасыз?" десе, аны жерге сүйрөп жыгып, кайра турганда төшкө чапты. Анын кесепетинен башыман жаракат алдым, эки тишим сынды. Ошондо эле ооруканага жаткам. Анан РИИБден тергөөчү келип, менин арызымды алып кеткен. Ошол күнү күйөөмдү РИИБге алып барып, сурап, кайра коё берип жибериптир. Эртеси "эмне болду?" деп чалсам, ишти башка тергөөчүгө өткөрүп берем деген. Бүгүн жаңы тергөөчү келип кетти», - деп Айгүл Бактыбекова жергиликтүү ЖМКлардын бирине айтып берген.

Айгүл Бактыбекова
Ал эми Айгүлдүн мурдагы кайненеси Ч.И. окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берди.

«Менин 5 эркек балам бар. Айгүл улуу баламдын аялы болчу. Балдарымдын баары арак ичпейт, тамеки да тартпайт. Улуу балам жоош, айылдаштардан деле сурасаңар болот. Анан кантип келинимди сабайт? Тескерисинче бул келин келгенден бери тынчтык жок. Балам унаа оңдоочу жайда иштечү. Түшкө чейин уктап, болбогон жерден чыр, уруш чыгарчу.

Анан мен экөөнү Бишкек шаарына жөнөтүп, өзүнчө жашагыла дедим. Ал жактан да кошуналар менен батышпай, дүкөндөргө карыз болуптур. Бир жолу шаарга барсам, келиним төркүнүнүн үйүнө кетип калыптыр. Кыскасы ушинтип жүрүп ажырашты. Ажырашуу тууралуу арызды биринчи келиним жазган. Азыр баламдын аялы, бир баласы бар. Анан неберелерим биздикине келип жүрүшчү. Кийинтип-ичинтип, жакшы эле карачубуз. Карантин башталганда да биздикине келип, калып калды. Анан 1-май күнү келип, балдарын алып кетти. Кетип жатып "ушул айдын аягына чейин менде болсун, анан июнь айынан баштап силердикинде калсын, сентябрда улуу балам силердикинен окусун" деп айтып кеткен.

Эртеси, 2-май күнү кайра келди. Кирип келип эле келинимди беттен алып, урушуп кириптир, "балдарды эмнеге сабайсың?" деп. Биз сабамак тургай, тескеринче дайыма эркелетип эле турабыз. Үйдөн чыксам, урушуп жатышыптыр. "Эмне болду?" десем, "балдар көк ала" деди. Биз эмнеге сабамак элек дедим. Чалып койсоң деле балдардын кийимин алып барып бермекмин, жөн эле ызы-чуу салып жатасың деп, үйгө балдардын кийимин алып чыкканы кирип кетип, кайра чыксам, Айгүл эңкейип туруптур. Эмне болду деп карасам, көзү канталап калыптыр. Баламдын бетин, колдорун тытыптыр. Баламан сурасам, "тытып жатканда түрткөндө колум көзүнө тийип кетти" деди. Сиңдиси менен келген, ага тийген эмес. Биз дагы бетин тытканы үчүн кайра Айгүлдүн үстүнөн арыз жаздык», - деди Ч.И.

Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана анын корутундусуна жараша чара көрүлөт. Ошондой эле Айгүл Бактыбекованын мурдагы жолдошу жазган арыздын негизинде да соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуядан кийин эки тарап тең “Тез жардам” кызматына кайрылып, эки жак тең бири-биринин үстүнөн арыз жазышкан.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости