www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара пиардын эмблемасы, Раимбек Матраимовдун жээни Айназик Матраимова Инстаграм баракчасында өздүк майрамын «Хаят» отелинде өткөргөнү тууралуу жергиликтүү айрым ММКлар жазып чыкты.
Ага кошумча, Инстаграм баракчага Райым Матраимовдун жээни Айназик «эл жумшак дивандарынан туруп, акчаны кантип табуунун жолун издеш керек. Менин атам кандай жол менен акча таап жатканы силердин ишиңер эмес. Андан көрө батириңерге салык төлөп, бирөөнүн ишине киришпегиле! Мен эч кимден коркпойм! Бийликтегилер, президент, Жогорку Кеңеш биздин үй-бүлөнүн достору. Алар өздөрүн Кудай сезип алышкан» деген шилтеме чыккан.
Бул тууралуу Матраимовдун жакындары четке какты. "Кимдир бирөөлөр атайын баракча ачып, анын атынан жазып жатат. Айназиктин интернеттеги баракчасы туулган күндөгү талкуу башталгандан эки күн мурун өчүрүлгөн", деген пикирин билдирди.
Белгилей кетсек, Инстаграммда matraimova_nazikтин атынан ачылган аккаунтта болгону 75 адам гана катталган.
Булак: NazarNews.kg