www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ди-джейлик кесипти аркалап, жаш таланттарга колдоо көрсөтүп "продюсер" аталып жүргөн Канат Кадыржан кайрадан алдамчылыкка шектелүүдө. Былтыркы жылдын февраль айында бир нече ырчы мырзалардан продюсердин үстүнө арыз түшүп, тергөө иштери бүгүнкү күнгө чейин улантылып келүүдө. 

Ал эми бүгүнкү күндө да Ош шаарындагы бир катар ырчылар Канат мырзага нааразы экенин билдиришүүдө. Себеби, продюсер Ош шаарында ырчыларга иштешүү тууралуу сунушун киргизип, "Ырларыңды радиолордо жаңыртып, клиптериңди ТВларга жеткирип кетиртип турам. Менеджер болом. Айына 10 000, 20 000, 30 000 сомго иштейм" деп акчасын алдын ала алып убадалаган ишин жасабай келген. 

Продюсер менен байланышууда жооп болбогон соң, бир катар ырчылар биригип Канат мырзанын үстүнөн арыз жазууну пландап жатышыптыр. 

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости