www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу компаниялардын жетекчилери бар.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр.
«Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат.
Белгилеп кетейин, мамлекет тарабынан инвесторлорго шарттарды түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына киргизилди. Анын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат, ошондой эле атайын Инвестициялар министрлиги да түзүлдү.
Кыргызстан өз тарабынан эмираттык бизнестин өкүлдөрүнө бардык жардамдарды көрсөтөт, тактап айтканда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деп ишендирди мамлекет башчысы.
Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.
Ошону менен бирге президент эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасында БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгиледи. Элчиликтин ачылышы Кыргызстандагы эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөт.
Булак: NazarNews.kg