www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажатканага кирген аял жыландын жеми болуп кала жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Таиланддын тургуну үйүндөгү  ажатканага кире калам деп, аз жерден жыландын жеми болуп кала жаздаган.

Энеси кабылган жагымсыз окуя тууралуу анын кызы Чуня Ситтивичай айтып берген.Чуня Ситтивичайдын апасы унитазга отурганда, ажатканага кирип келген  жылан аны матап туруп алган. Жыландан коркуп кетип,  жан далбастап бошонууга аракет кылган апасынын   бутуна жылан  бекем оролгон. Энесинин чаңырганын уккан кызы кеңсе бычагы менен балка ала чуркап келген.

"Апам жыландын терисин кескенге аракет кылганы менен өтпөй койду. Калчылдап, калтаарып жатып, бычакты өзүнүн колуна матырып алды", — деген ал.

Күчтүү жыландын катуу кысканынан улам  келин  эсин жогото баштаган. Бир аздан кийин кичүү баласы чуркап кирип, жаныбарды балка менен бир нече ирет уруп, энесин сыртка алып чыкканга жетишкен. Ал эми эшикти бекем жапкандыктан, жылан ажаткананын ичинде калган.
Капыстан болуп кеткен бул окуядан эсин араң жыйган бир туугандар Тез жардам чакырган. Дарыгерлер аялдын жарасын жууп-тазалап, тигип чыккан.

Эске салсак, буга чейин Бангкок шаарында уйкудагы кемпирге жыландын кол салган учурунун видеосу тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости