www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвадагы сапардан. Узарбек Жылкыбаев: «Кайсы жерде болбосун элибиздин нарктуулугу, жигиттердин намыскойлугу сыймыктандырат. Озубуздун миграциядагы жарандарыбыз- эн реалдуу инвесторлор. Анткени алар байыса да эч жакка кетип калбайт. Жер-жерлерде ишкерликке шартты тузуп тим болбой, колдоону колго алабыз.
КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин Москвадагы мекендештер менен жолугушуудагы сөзүнөн үзүндү:
- Урматтуу мекендештер, туура силер өлкөбүзгө өтө чоң жардам берип келе жатасыздар. Мигранттар өз демилгелери менен өз айылында жол салгандар, бала-бакча кургандар бар, акча чогултуп көчөлөрдү жарыктандырышууда, көпүрөлөр салынып, кичи стадион жана башка объектер курулуп жатканы чындык. БИРОК бул социалдык объектилерди куруу, салуу баары биздин жумуш, мамлекеттин иши! Буга сиздер милдеткер эмессиздер.
Сиздер инвестиция салуунун эң туура жолун тандагыла. Өз айылыңарга чакан бизнес, өндүрүш, цех ж.б. пайда алып келүүчү ишканаларды ачып, анын үзүрүн кайра эле өзүңүздөр көрүңүздөр. Жол куруп, көчөлөрдү жарыктандырып кайрымдуулук кылган жакшы, бирок өндүрүш, ишкана ачып сиздер көбүрөөк пайда алып келесиздер. Андан өлкөгө салык түшөт, жумуш орундары пайда болот, жаштар ошол жерде калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана силер үчүн жакшы киреше болуп берет. Балык бербей, кайырмак берүү зарыл...
Эгер кандайдыр бир сунушуңар болсо, түз бизге кайрылгыла, биздин эшик дайым ачык...
Булак: NazarNews.kg