www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путиндин учагы "Манас" аэропортуна туманга карабай конгондугу  тууралуу,  атайын материал жарыяланган. 

"Россия 1" телеканалы,  Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бишкекте өткөн саммитинин кадр артында калган учурларын баштан аяк баяндап, атайын материал тараткан. Анда көрүнүп тургандай, катаал аба ырайына карабастан Путиндин учагы  “ Манас” аэропортуна  тобокелчилик менен пилоттордун профессионалдуулугу  менен  гана конгондугун көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Бишкекте 28-ноябрда ЖККУнун саммити өтүп, анын жыйынтыгында 15 документке кол коюлган. Быйылкы саммитке Кыргызстан төрагалык кылып, 2020-жылы кезек Орусияга өткөрүлүп берилди.

Берилген видеодо аба ырайынан улам башка учактар Алматыга барып конгону айтылат. Керек болсо, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун учагы да Алматынын аэропортуна конууга аргасыз болуп, министр жыйын ортолоп калганда үлгүрүп келген. Мындан тышкары, материалда саммит учурунда кадр артында калган ирмемдер дагы көрсөтүлгөн.  Калганын видеодон көрө аласыздар!

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости