www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-мартта Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Канат Джумагазиев аймактын автомектептердин өкүлдөрү менен жолугушууну өткөрдү. Мындай жолугушууну өткөрүүгө курсанттарды жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чараларга тартуу менен аталган фактыларга жол бербөө боюнча иштерди күчөтүү негиз болду.
«Турмуш көрсөткөндөй, автоунааны айдоо тажрыйбасы тажрыйба менен топтолот. Ошондуктан, рейддик иш-чараларга жол коопсуздугун көзөмөлдөө тескөөчүлөрүнүн кызматына автомектептердин курсанттарын тартуу зарылчылыгы жөнүндө сунуш менен кайрылып жатабыз. Анткени, жумушка мындай биргелешкен мамиле менен биз курсанттарга жол эрежелери боюнча билимин өркүндөтүүгө жардам беребиз. Ошол эле учурда айдоочулар менен жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнүн, облусубуздагы жол эрежелеринин бузуу фактыларын жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бирдиктүү аракеттенүүсүн күчөтүүгө жетише алабыз», - деп белгиледи К. Джумагазиев.
Жолугушууга катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүм башчысы Талайбек Канаев белгилегендей, мындай бирдиктүү аракет, автомектептердин курсанттарына билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгөсүн түзөт. Бул келечектеги айдоочулардын негизги сапатынын калыптанышына мүмкүнчүлүк түзүүчү зарыл шартты болот. Себеби, жол кыймылынын башка катышуучуларына болгон сый-урмат жана өз компетенттүүлүгүн жетиштүү баалоо жакшы айдоочунун негизги сапаттары болуп саналат.
Өз кезегинде автомектептин өкүлдөрү облустук милициянын демилгесин колдоп, курсанттар үчүн атайын жилеттер даярдалып, биргелешкен графиктин негизинде рейддик жана үгүт-насаат иш-чарасынын алкагында мектеп окуучуларына жолдон өтүүгө жардам берет.
Жолугушуунун жыйынтыгында Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Канат Джумагазиев автомектептин өкүлдөрүнө курсанттарды сапаттуу окутууга жана үйрөтүүгө көңүл буруусуна басым жасады.
Булак: NazarNews.kg