www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо тармагындагы медиа эксперт Елена Баялинова Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алды деген билдирүүсүнө байланыштуу видео кайрылуу жасады.

«Мен өз катамды мойнума алам. Ошондой эле, менин жана маркумдун жакындарынын бардык шек саноолору соттук-медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгы менен жоюлат деп ишенем. Ал эми объективдүү кызматтык иликтөөдөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги корутундуну ачык айкын жарыялайт деген ойдомун. Дагы бир жолу кайталайм, эмдөө ар бир жарандын, ар бирибиздин жоопкерчиликтүү жана ыктыярдуу тандообуз. Ошондой эле коркуу сезими биздин алдыбызда болбошу керек. Биз расмий маалыматтарга, далилденген тажрыйбага, билимге жана далилдерге, ошондой эле ар бирибиз өз ден-соолугубуз үчүн өз алдынча жооптуу экенибизге болгон туруктуу ишеничибизге гана таянышыбыз керек», - деп билдирди ал.

Эске салсак, Шакиров Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда көз жумган. Алдын ала маалымат боюнча, ал ооруканага дары-дармектери менен келген, укол сайгандан кийин өзүн жаман сезген. Маркумдун жакындарына шилтеме берген Баялинованын айтымында, ал COVID-19га каршы эмдөөдөн бир күн мурун өткөн.

Республикалык иммунопрофилактика борбору бул маалыматты четке кагып, эмдөө алгандардын маалымат базасында Шакиров жөнүндө маалымат жок экендигин билдирди. Соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлерине шилтеме берүү менен Саламаттыкты сактоо министрлиги денеде эмдөөнүн издери табылбагандыгын айткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүм анафилактикалык шоктон улам болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости