www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Кайырма айылында №38 "Гүлдесте" аттуу бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы  билдирди.

"Буга чейин аталган айыл аймакта бир дагы бакча болгон эмес. Көпчүлүк тургундар балдарын райондун борборунда жайгашкан бала бакчаларга алып барышчу. Эми 75 орундуу "Гүлдестеге" беш айылдагы бөбөктөр да кабыл алынат", — деди өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Байгазы Райымкулов.

Пайдаланууга берилген жаңы 75 орундуу бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 22 миллион сом жумшалган.


Булак: NazarNews.kg  

Последние новости