www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кытайдын патогендик микрооргаизмдерди сактоочу улуттук сактоочу жайы жаңы коронавирус жөнүндө маалымат берип, анын электрондук микроскоптогу алгачкы сүрөтүн жарыялды. Бул туралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой бул сүрөт профилактика жана  оорунун алдын алуу иш-чарасынын алкагында тартылган.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон белгисиз оору жөнүндө 2019-жылдын декабрь айында маалымдалган. Эсперттердин айтымында ооруну козгогучтардын жаңы тиби  2019-nCoV деп аталат.  

Бул оору менен жабыркаган алгачкы бейтаптардын деңиз азыктары сатылуучу базарга тиешеси бар адамдар болгондугу такталган.

Акыркы маалыматтар боюнча бул оорудан 26 киши каза болуп, 850 адамга жуккандыгы кабарланды.

Оору чет өлкөгө да тарап, Түштүк Корея, АКШ, Тайвань, Таиланд, Япония жана айрым маалыматтар боюнча Россияга тарагандыгы кабарланууда.

Ал эми Кыргызстанда Кытайдан келген аба каттамдары 2-февралга чейин токтотулуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан этият чаралар көрүлгөндүгү билдирилди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости