www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20 жылга эркинен ажыратылган УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ден соолугу начарлап, ооруканага которулганы маалымдалган.
Ал учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда дарыланып жатат. Өкүнүчтүүсү, анын бөйрөгү 4-стадиядагы ракка чалдыккан. Аны дарылоо туугандарынын эсебинен болуп жатат. Себеби, ал дартты жеңе турган дарылар Кыргызстанда жетишсиз экен.
Бирок, бул дарттан сакайып кетүү да күмөн дешет дарыгерлер. Себеби, өрчүп кеткен дартка химиотерапия да жардам бербей калуусу да мүмкүн экен.
Эмнеси болсо да, сакайып кетсин дейли. Мындай дартты адамга эмес, жыланга да каалабайсың.
Булак: NazarNews.kg