www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик табып катары таанылып, кийинчерээк ээлди алдоого шектелип, СИЗОдо 1 ай камалып,кайра бошотулган Хашим Зайналиев интернет аркылуу Президентке Кайрылуу жасады!Төмөндө Хашым табыптын интернеттеги кайрылуусун эч өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу Президент!!!  Мен 1 ай СИЗО до жатканым жөнүндө кабарыңыз бар. Ошол 1 ай ичинде камалып жаткандардын көбү менен сүйлөштүм, алардын көпчүлүгү ошол СИЗО до камалып жатууга ылайык келбейт. Алардын ичинде эне сүтү оозунан кете элек жаштар, катуу дарт менен ооруп жаткандар, күнөосү жок, поступка (жөрөлгө) менен жаткандар. Тактап айтканда СИЗОдо жаткандардын 70% адилетсиздикке кабылып калгандар. Алар бул адилетсиздикке жашоо – турмуштун ар түрдүү кырдаалынан улам, жоруктарга, кандайдыр – бир кылмыш иштерине түздөн-түз катышкан эмес, тагдырдын буйругу менен кабылып калгандар. Эң өкүнүчтүүсү алар өздөрүнүң тазалыгына (жорукка же кылмышка тиешеси жоктугуна) ишенип, милициянын оперлерине, тергөөчүлөргө, прокурорго жана сотторго акча бербей – закондогу адилеттикке же чындыкка ишенгендер. Дагы бир көңүл бура турган маселе, алар канчалык көп убакыт СИЗОдо жатса, аларга күнөө коюп жаткан прокурор, соттоп жаткан сот, алардан ошончолук көп акча өндүрөт.  Урматтуу Президент!!! СИЗОдо жаткандардын арасындадо соттолушун күтүп, айлап, жылдап жаткандар бар, алар адилетсиздиктен дили ооруп, кабыргасы кайышкан. Алар Кыргызстандын атуулдары. Орозонун улуу күндөрүндө аларды эркиндикке чыгарып, үй-бүлөсүнө кайтуусун камсыз кылсаңыз жараткан Аллахтын ыраазылыгына алган болоор элеңиз!!!

Сизди урматтоо менен Хашим табып!

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости