www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, Айым турмушка чыкканы деле жакшылык көргөн жок. Бир кыз, бир уул төрөгөндөн кийин тийген күйөөсү менен ажырашып кетип, балдарын апасы багып чоңойтту. Өзү шаарга келип  иш менен алек болгону менен тапкан акчасы квартирасынан ашпай, эптеп күн өткөрүп жүрүп акыры кантип ичкиликке берилип кеткенин өзү да билбей калды. Анткен менен жаш кезинде көргөн жандын көзүн талыткан сулуу турпаты бар эле. “Аял картайса өң кетет, эркек картайса кайрат кетет” деп айтылгандай, барган сайын Айымдын келбети кетип жүзү ичкиликке күйүп, баягы сулуу турпаты кызыл бет болуп чыга келди.

Чынын айтканда турмушунан бир жакшы нерсе көргөн жок. Айылда калган кызы менен баласы чоңоюп, алар таянесин апа деп, Айымдан жүздөрүн алып качып калган. Ичкен адамдан ким болбосун боюн алып качып калары турулуу иш.

Убакыт чоң шашке болуп калган кезде боюна жарашыктуу кийим кийген, өзүнөн азга кичүү бир жигит келип колуна акча берди да  анан:

-Эже, бул акчаны алыңыз да мончого барып жуунуп, базардан жакшы кийим сатып алыңыз.Мен сизди эртең бир киши менен тааныштырам, ал киши сизге жагат. Ушинтип күндө ичип жүрө бергенден көрө турмушка чыгып жашооңузду башка нукка салыңыз-деп оюн ортого салды. Буга чейин мынча чоң суммадагы акчаны колуна кармап көрбөгөн Айым кудум түш көрүп жаткан адамдай нес болуп катып калды. Бирок кандайдыр бир жакшы сезим аң сезимин бийлеп кеткендей болду.

Мончого түшүп, жаңы кийим кийген Айым өзүн ушунчалык бактылуу сезип кетти. Андан дагы канча болду жаңы кийим сатып ала элегине. Адам баласы үчүн, өзгөчө аял заты жаңы сатып алып боюна жарашыктуу кийим кийгенде кандай көңүлү өсүп, жүзү нурданат.

Айым айтылган убакта Саматтын үйүнүн жанына келди. Самат көргөн көзүнө ишенгене алган жок, анткени көз алдында такыр башка аял заты турган эле.

Ооба, Айымды Самат көптөн бери көз элегинен өткөрүп, сынап жүргөн болучу. Качан гана апасынын ашын берип болгон соң атасына алып берүүнү ойлогон.

Айым, машина заңгыраган үйдүн эшигин алдына келип токтогондо оозу ачылып, денеси калтырап сүрдөп дагы кетти. Аңгыча үйдөн өзүнөн кыйла улуу, карылык айылына барып калган киши чыкты. Аны менен жакшы маанай менен учурашканда экөөнүн көздөрү чагылышып кетти. Ушул көз караштан экөө бири-биринен жакшы нерсени күтүштү.

Айткандай Субанаалы карыя билимдүү, учурунда жогорку окуу жайында сабак берген, абдан түшүнүктүү адам.  Бир көрүп ар бир адамдын оюн окуп билип койгон жайы бар.

Атасы, Айымды сөзгө тартып жылдызы келишип калганын Самат дароо байкап, бир чыныдан чай ичилгенден кийин ишим бар эле, сизди анан кечинде алып кетем, азыр атам менен болуп туруңуз деп экөөнө жакшы шарт түзүп берип коюп кетип калды. Анткен менен Айым ушул нерсени Саматтан күткөн болучу. Анын себеби карыя менен ээн олтуруп сүйлөшүп, ага арманын айтып бергиси келип турган. Ооба, буга чейин тагдырын кимге айтып берип, ким менен сыр бөлүштү билбей жүргөн. Адам баласы ичине толгон букту бирөөнө айтып берип жеңилденип алса бугу чыгып эс алып калат эмеспи.

Самат үйдөн чыгып кеткенде карыя олтурган ордунан туруп барып газга кайра чай коюп, Айымды сөзгө тартты. Көптөн бери эч кимден жагымдуу сөз угуп, жакшы мамиле күтпөгөн Айым карыяга арбалып калды. Анын ар бир айткан сөзү, жасаган мамилеси, алдыны көр билгени көңүлүнүн төрүнөн орун алып, жанынан жарым карыш жылгысы  келбей калды. Эх, адам баласына эң биринчи көңүл керек белем. Ушул кезге чейин мындай жакшы сөздү уккан эмес эле, укса дагы качан укканын такыр эстей алган жок. Анткен менен карыянын карылыкка багынып бара жатканы эле болбосо ушунчалык аны жактырып, эмнеге буга чейин мындай адамга жолукпай жүргөнүнө өкүндү. Бир кездеги Ыраймаалы менен Бегимайдын тагдырына кабылгансып да кетти.

“Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет” дегендей, экөөнүн сөзү түгөнбөй кантип кечтин киргенин билбей калышты. Качан Самат ишинен бошоп келгенде карыя:

-Уулум, азырынча Айым үйдө эле калсын, бара турган жери жок экен го?-деп оюн айтканда Самат бул сунушка дароо макул болду. Анын себеби экөөнүн жылдыздары келишип калганына дагы ынанып каршы сөз айтпастан кетип калды.

Ошол күндөн кийин Айым, карыя менен аял, эркек болуп жашаганга макулдугун берди. Эч кимден жылуу мамиле күтпөгөн Айым карыянын мээримине канып, аны менен бирге жашап жашоосуна ыраазы. Эч качан мындай чоң үйдүн ээси болом деп ойлобогон Айымдын багы карыядан ачылып, көңүлү өсүп, ашыктык сезимге кабылып, күйөөгө кам көрүп, ушул кезде аял болуп жаралып калганына ыраазы. Айтылган кеп бар эмеспи “жаман эркек аялын күң кылат, жакшы эркек аялын гүл кылат” деп. Ансыңары жакшы эркек карыса дагы аялдын көңүлүн таап, өзүнө багындырып алат белем. Албетте аял затына жагымдуу сөз, жакшы мамиле эле керек экенине турмуш өзү күбө.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости