www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Маасы айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы тургуну Алмазбек Абылакимов бутунан айырылса да таксист кызматын аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1991-жылы 11-классты аяктаган соң, аскерге даярдоочу окуудан өтүп, аскерге кеткен.

«1994-жылы аскерден кайтып келип, колхоздо ар кандай жумуштарда иштедим. 1999-жылы Баткен согушу башталып, ал жакка чакырылып, аскердик топтор менен бандиттердин бирикмелерин талкалоого катыштым. 2000-жылы келишимдин негизинде Коргоо министирлигине аскер кызматкери болуп келип, 2011-жылы май айына чейин кызмат өтөдүм. 2010-жылы Ошто улуттук кагылуушу болуп, мени взводум менен Ошко алып барышты. Ал жерде улуттук кагылуушуда эки элдин ортосунда арачы болуп жүрдүк. Эки күндөн кийин ушул эле окуя кайра Жалал-Абадда кайталанып, биз ал жакка бардык.

Улуттук кагылышууда мага ок тийгендиктен бир бутуман айрылдым, кийин бутумду тиземен ылдый кесип салышты. Ичиме дагы ок тийген эле. Жалал-Абад облустук ооруканасында мага 2 операция жасашты, калган 3 операцияны Бишкек шаарындагы аскердик ооруканадан кылышты. Ооруканадан чыккандан кийин үйдө жаттым, ошол учурда келинчегим жанымда болуп, мени карап жүрдү. Ал дайыма: «Өзүңдү карма, сабыр кыл! Баардыгы жакшы болот» деп мага абдан колдоо көрсөттү.

2011-жылы Коргоо министрлигинин буйругу менен аскер кызматына жарабай калгандыктан, пенсияга чыктым. Ошентип үйдө бош отуруп калдым. Эркек адамдарга эч нерсе жасабай, бош отуруп калуу абдан кыйын экен. Балдарым окууга, келинчегим жумушка кетет. Жалгыз калган жаман экен», - дейт Алмазбек Абылакимов.

Ал кийинчерээк унаа сатып алып, такси кызматында иштеп баштаганын айтат.

«Бош отурбай, бир нерсе менен алектенүүнү ойлоно баштадым. Анан унаа сатып алып, такси кызматында иштеп баштадым. Ошентип иштеп жүрүп, 2013- жылдын октябрь айынын аягында жумуштан кайтып келе жатып бет маңдай чыккан унаа менен кагышып, жол кырсыкка кабылдым. Кайрадан ооруканага түштүм, жол кырсыктан кийин сол бутум, кабыргаларым сынып, такыр эле майыптык арабасында отуруп калдым.

Биринчи оң бутумду мурда кесишкенде 3-топтогу майыптык беришкен, экинчи бутум сынгандан кийин 1-топтогу майып болдум. Учурда майыптык арабада отурам. Бирок, эки бутум иштебей калса дагы акыл эсим ордунда. Бутум жок деп отура бергенден адам чүнчүп, төмөндөп, артка кете баштайт экен. Депрессияга жол бербей, алаксыш үчүн аракет кылып, кайра иштөөнү чечтим. Азыр араба менен эшикке чыгам, анан унаага отуруп, такси кызматын көрсөтүп келем. Кечке чейин такси айдап, кечинде үйгө келип, үй-бүлөм менен болом», - дейт Алмазбек мырза.

Ал бир кыз, бир уулу бар экенин экөө тең окууну бүтүшкөнүн айтат.

«Балдарым окууну бүтүшкөн. Келинчегим аскер бөлүктө бөлүм башчы болуп эмгектенет. Өкмөттөн 7 миң сом, Коргоо министрлигинен 9,5 миң сом пенсия алам. Анан такси кызматын көрсөтүп тапкан каражат менен жашоо өткөрөбүз. Маңдайыма жазылган тагдыр ушундай экен дегенден башка арга жок. Эң негизгиси сыноолорго бекем туруп, кайраттуу болуп, кыйынчылыктардын аркасынан жакшылыктар болот деп ишенүү керек экен.

Чет өлкөгө барып дарыланууну сунушташкан, бирок ага каражатым жетишпейт. Андан сырткары, балдарым дагы чоңоюп калды. Кызымды турмушка узатып, баламды үйлөндүрсөм деп, алардын келечегин ойлоп келем.

Бош убактымда даамдуу тамактарды жасаганды жакшы көрөм. Өзгөчө шишкебек жасаган аябай жагат. Таза абада, жаратылышта же айылга барганда досторго шишкебек жасап берем. Келечекте дең соолугумду чыңдап, басып кетсем деген тилегим бар. Ошондой эле, балдарым бактылуу болуп, биз келинчегим экөөбүз небере-чөбөрөлөрдүн жытын жыттасак дейбиз», - деп кошумчалады ал.

Булак: "Турмуш"

Последние новости