www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Картинки по запросу беременная женщина

Кызынын күнү-түнү ооруганын көрүп туруп жардам бере албаганы үчүн эне кандай гана ойлорго барат, ызаланат, жүрөгү сыздайт...

Гүлкайыр эже да азыр ушинтип жашап жатат. Эки жашар наристесинин дартына даба издеп, Кудайдан, анан көпчүлүктөн үмүт кылат.

"Беш балага ата-эне болгонубузга кубанып жүргөнбүз...”

Жолдошум экөөбүздүн беш балабыз бар. Алардын улуусу 21де болсо, кичүү уулубузга тогуз ай болду. Мен мамлекеттик бала бакчада он сегиз жылдан бери эмгектенем, учурда декреттик эс алуудамын. Жолдошум болсо куруучу болуп бизди бакчу. Өткөн жылдын май айында кургак учук оорусуна чалдыгып, ошондон бери дарыланып жүрөт. Ал “оорудум” деп иштебей койсо да болбойт. Ошондуктан азыркы тапта кароолчу болуп иштеп жатат. Мен төртүнчү кызыма кош бойлуу кезимде алгачкы үч айында катуу сасык тумоолоп ооруганмын. Негизи, бул учурда оорубаш керек эмеспи. Бирок Кудай жалгап кызым дени сак төрөлдү. Атүгүл андан кийин да уулумду жарыкка алып келип, беш баланын ата-энеси болгонубузга кубанып отурганбыз. Көрсө, кош бойлуу кезинде эненин ооруганы бала чоңойгондо деле таасирин берет экен.

“Кызымдын жүрөгүндө тешикче бар экен”

Эки жарым жаштагы төртүнчү кызым бир жылдан бери эле катуу жөтөлүп, улам бронхит, кайра пневмония оорусу менен ооруп келе жаткан. Доктурга барсак күчтүү антибиотиктерди жазып берип дарынын түрүн иччүбүз. Бир жыл бою ичкен дарыбыздан шыпаа болбой эле, тескерисинче, жайдын саратанында өпкөсү ооруп туруп алды. Рентгенге түшүрсөк жүрөгү чоңоюп, өпкөсүн жаап калгандыгын айтышты. Кардиологго алып барсак жүрөгүндө эки тешикче бар экендигин тастыктап берген. Көрсө, өпкө менен жүрөктүн кандары аралашып калыптыр. Мындан улам кандын айлануусу туура эмес болуп өпкөсүнө күч келип, тынымсыз ооруп жатыптыр. Кызыбыздын оорусу тууралуу билгенден кийин айыктыруунун жолун издеп чуркай баштадык. Азыр кызым бир айда эки жолу сөзсүз ооруйт. Бир жыл бою антибиотик ичип жатып иммунитети алсыз болуп калыптыр. Дары ичсе жүрөгүнө күч келет окшойт, жөтөлүп, оозунун тегереги көгөрүп жатып анан дары таасир бере баштайт. Катуу ыйласа оозу көгөрүп чыгат, чуркаса дем алуусу кыйындайт. Ысыкта жүрөгүнүн кан басымы көтөрүлүп, мурдунан кан кете берет.

“Кызыбыз айыгып кетсе, муктаж адамдарга жардам беребиз”

Эми бизге эки операциянын жолун сунуштап жатышат. Биринчиси, жүрөктү жарым саатка токтотуп, хирургиялык жол менен операция жасашат экен. Экинчиси болсо, жаңы чыгып жаткан ыкма менен, балтырдагы жоон тамырдан катетер киргизип, окклюдерди жүрөккө кыпчып коёт экен. Ал алты айдын ичинде өзү бүтөлүп калат дешти. Бирок мындай операциянын наркы да кымбат экен. Себеби бизге керектүү эки окклюдерди Америкадан алдырууга туура келүүдө. Алардын биринин баасы 3000 доллар болсо, экинчиси 3200 доллар турат. Эгерде арзанына карап хирургиялык жолду тандасак, балабыз кыйналып калчудай. Анын үстүнө биринчисинде далысынан кесип, ал айыккандан кийин көкүрөгү аркылуу экинчи операция жасоо керектигин айтышты. Кызымдын кан тамырлары да шарикке окшоп көөп, кайра жыйрылып турат экен. Ошондуктан кооптуу болуп жатат. Ушулардын баарын ойлонуп көрүп, биз окклюдер коюу ыкмасына макулдугубузду бердик. Мунун дагы бир себеби, азыр 20 жашка чыккан кызыбыздын жүрөгүндө чоң тешик бар экендиги алты жашында аныкталып, ушул жол менен операция жасатканбыз. Буюрса,ошондон бери кызыбыздын жүрөгү тынчсыздандырбайт. Эми операциябызды январь айынын 25инде чет жерден бир хирург келип жасайт экен. Биз ошого дейре каражат чогултуп жетишишибиз керек болуп жатат. Өзүбүздө мындай чоң суммадагы каражат болбогондуктан, үйдү сатууну ойлонуп көрдүк. Бирок беш балабыз менен кайда барабыз? Же сатып акча кылганга башка мүлкүбүз жок. Тууган-туушкан, тааныштарыбыз жардам берип жатып азыр 180 миң сом чогулттук. Калган бөлүгүн чогултуунун жолун издеп отуруп, кайрымдуу элден суроого мажбур болдук. Бизге жардам кылыңыздар! Балам айыгып кетсе, жолдошум экөөбүз муктаж адамдарга жардам беребиз деп ниет кылып жатабыз.

Элсом: 0556 21 42 66
KICB, БИК128018,
Эсеп: 1280186052697203

Булак: Леди.kg

Последние новости