www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сен менин жүрөгүмө калтырган кара так, оору, азаптар саргайып бүткөн сагынычтар, куурап бүткөн үмүттөр жылдар бою сени да тынч жашатпайт. Бейпил жашоо бербейт. Мен сага жашоо болгон жандүйнөмдү, сүйүүмдү арнадым. Мен сени өтө эле катуу сүйдүм. А сен менин болгон эркимди башкарып алдың. Мен өзүмдү көзөмөлдөй албай калдым. Сенсиз дем ала албай калдым. Күн санап, саат санап сени катуу сүйүп бараттым.

Анда биздин мамилебиз бар болчу. Мени сенден башка эч ким сүйбөй турганына ишендирчүсүң. Анткени мен ашкан сулуу же байдын кызы эмес болчумун. Мен сенсиз жашоомду элестете алчу эмесмин.

Күндөрдүн бир күнүндө менден тажадың. Коштошпой да, эч бир сөз айтпай да таштап кеттиң. Мен жапжалгыз калдым. Жалгыз, менин баардык сезимдеримди өлтүрдү. Мен сени менен түбөлүк бирге болгум келген. Ал кыялдарым көмүлүп, жер алдында калгандай болду. Сен кеткенден кийин жандүйнөм ооруду. «Жандүйнө оорусунун дарысы болсочу, аттигиниң» дегендей, дарысыз, дабасыз дарт менен көпкө күрөштүм. Сезимдерим, жүрөктөрүм баары өлүп калгандай болду. Көз жаш менен курбу болдум.

Бирок, бүгүн мага өткөн күндөрдөй керек эмессиң. Мен өткөргөн оор азаптардан кийин кайтып келүүңдү күткөнүм жок. Бирок, менин бул кайгыларым, азаптарым, көз жаштарым асманга учуп кетпейт, же жерге көмүлүп калбайт. Алар сенин да жандүйнөңдү тал-талга бөлөт. Азап тартуулайт. Сага мындан ары тынч жашоо бербейт.

АДЕЛЯ

Булак: "АЗИЯnews"

 

Последние новости