www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Талант мырза, прокуратура тармагында реформалар канчалык деңгээлде ишке ашыл жатат деп ойлойсуз?

- Прокуратурада албетте, биринчи кезекте жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде бир топ иш-аракеттер жүрүшү керек. Прокуратуранын негизги функциясы - мыйзамдардын өз убагында так аткарылышын көзөмөлдөө, Андай болгон соң прокуратуранын өзүндө гана эмес, башка системаларда да реформалардын жүргүзүлүшү прокуратурадан көз караңды. Ошондуктан, бул багытта ага чоң милдеттер жүктөлгөн.

Азыр прокуратурада кабыл алынган мыйзамдардын негизинде «реформа жүрүп атат» деп айтканга болот, анткени, кылмыш фактылары электрондук түрүндө каттоодон өтүп, ар бири боюнча көзөмөлдөө болууда. Бул дагы ошол реформалардын бир көрүнүшү деп айтаар элем. Бирок, прокуратураны мындан да өркүндөтүү керек, себеп дегенде, көп маселелер бар. Анткени, биздин бүт жашоо турмушубуз мыйзамга байланыштуу.

-  Кийинки кездерде прокуратуранын көп ыйгарым укуктары алынып, ал алсыз болуп калды деген пикирге кошуласызбы?

- Прокуратуранын ыйгарым укуктары азайган жок. Бирок, негизинен алып караганда, тергөөнү алып коюшту. Прокуратурада көзөмөл, анан сотто айыптоону колдоо функциясы калды. Тергөөнү жүргүзбөйт. Бул жагынан прокуратура алсызданды. Анткени, эки оргаңдын ортосунда тиреш болуп калган учурларда, мисалы, каржы поляциясы менен УКМКнын оргосуңда болгон талаш маселени прокуратура тергечү эле. Бүгүнкү күндө андай функция жок.

Бул прокуратуранын өзүндө барып-барып кадрлардын жок болуп кетүүсүнө себеп болуп калышы мүмкүн. Анткени, кылмыш ишин тергебеген адам мыйзамды так аткара албайт, логикасын да түшүнбөйт. Азыр союз учурунан жана 90-жылдардан калган кадрлар бар, Бирок, кийин андай кадрлар калбай калышы мүмкүн. Тергөөнүн алып салынышы менен кадрдык потенциал да жок болуп кетиши ыктымал.

Булак: "АЗИЯnews"  

Последние новости