www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбиялык комплекс-лицейинин директору болуп Умралиева Самаркүл Кыдырмаевна дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалган. Бирок мугалимдер кабыл албай, ал кайра кетүүгө аргасыз болгон. Жаңы директорду жамаатка тааныштыруу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Максат Молдалиева келди. Бирок аны жана жаңы директорду Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Ногойбаев жана он чакты милиция кызматкерлери коштоп келишти.

Чогулган ата-энелердин айтымында, жаңы директор буга чейин мектептин ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын төрайымы болгон. «Айрым ата-энелер жаңы директорду кабыл албайбыз деп чыктык. Себеби, Диляра Абдуллаева эмненин негизинде жумуштан алынганы так белгисиз.

Эске салсак, Чубактын кунундай чубалган чуусу бүтпөгөн аталган мектептин ата-энелер ортосундагы чырына - окуучулардан ай сайын чоң суммадагы акча жыйнагандыгы себеп болгон. Мектеп директору лицей класста окуган окуучулардан айына 700 сомдон алып турган. 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости