www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө өнүкпөсө туруп турат, өзүбүздүкүлөр буттан тура берсин деген заманда жашап жатабыз окшойт. Юрий Гагарин ааламда космоско биринчи учкан космонавт. Анын мындай эрдиги үчүн Саясий бюро өзү кийлигишип капитан Гагаринди майорго алып барбай түз эле подполковник наамын берген.Премьер-министр Абылгазиевдин бизнесин караган "финполдо" орун басар болуп иштеген өкүл баласы “летуха” эле болгон? Абылгазиев кадырын-салып жүрүп капитанга көчүргөн. Анан ал Гагариндей эрдик кылбаса да өкмөт башчысынын колдоосу менен майорду уруп ойнобой, капитандан түз эле подполковникке секирип кеткен. Эмнеге ага майор “не положено”? Көрсө жыт башка жакта экен, тизме толук эмес болсо да келтирели.

Жалтыраган ресторандар, заңгыраган имараттар укмуштуудай эс алуучу жайларга ээ болгон өкмөт башчынын кара чечекей өкүл баласынын мүлктөрү таң калтырбай койбойт. Баарыбызга белгилүү жаңы гана капиталдык ремонттон өткөн Жибек Жолу/ Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Вавилон" рестораны, Алматинка/Ахунбаевдеги "Салкын-Төр" рестораны, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Нова" аталышындагы кофе/бар жана автомойка ошондой эле "Гайд Парк" деп аталган Бишкектин четиндеги эс алуучу жай мунун баары Мухамметкалый Абылгазиевдин өкүл баласына таандык деген маалыматтар айтылып жүрөт.

Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, Өкмөт башчынын бизнесин дал ушул өкүл баласы жүргүзөт деген кептер бар. Анын тажырыйбасы жетпесе да капитандан подполковникке көтөрүп, Финполго өкүл баласын орун басар кылган Абылгазиевге эмне дейбиз?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg”

Последние новости