www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медет Ирсалиевдин бир тууган таякеси премьер-министр экенин дудуктан өйдө билет. Мурун таякесин орун басар кылып кетсе, “замдан” эмне таякем өкмөт башында турганда “сам” болом деп Социалдык фонддун төрагасы болгон.

15-ноябрда «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. 

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы: КР Жогорку Кенешинин Чыгыш жыйындар залы саат 15-00. Катышуучуларды каттоо 14-30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору: 63-92-24, 63-92-67

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости