www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм музейинде болуп өткөн окуядан кийин, коомчулук дүрт этип, социалдык тармак ызы-чууга түштү.

Фейсбук колдонуучу ‎Талант Орозалиев, “кыргыз кызын дырдай жылаңач жүрүүсүнө каршы болгон эл маңкуртпу же эзелтен эле дырдай жылаңач төө чечмей оюнун өткөрүп келгенбиз деп, дырдай жылаңач кыздарды колдогон Турсунбай Чыныбеков маңкуртпу?

Ушул суроону бул депутат сөрөй, дырдай жылаңач кыздарга каршы болуп жаткан, көпчүлүк элди маңкуртка теңеп сүйлөөрдөн алдын ойлонуп айтса болмок. Эми бул сөз бул депутат сөрөйдүн оозунан чыккандан кийин эки эле жообу калат экен, же дырдай жылаң кыздарга каршы болгон эл маңкурт же жалпы элден өзүн жогору сезген депутат сөрөй өзү маңкурт.

Элди маңкурт дейин десең кошуна өлкөлөргө жана дүйнө элине уят болбойлу деп, кыздарыбыз дырдай жылаңачтанып абийрсиз болбосун деп, эзелтен ыйман менен жашаган элибиз кыздарын уятсыз жылаңачтарга айланбасын деп, биздин улуттук менталитетибизге кыздардын дырдай жылаң жүрүүсү уятсыз жат көрүнүш экенине каршы болуп, музейдеги көрсөтмөдөгүдөй дырдай жылаңач кыздарды тыйыш керек деп талкуу кылып жатса кантип маңкурт болуп калмак эле?

Ал эми мындай дырдай жылаңач көрүнүштөр бизде эзели эле болуп келген, төө чечмей оюнун билишпейт бекен деп, кыргыз элинде эзелтен эле дырдай жылаңач кыздардын оюну бизде болуп келген деп,  бизди бөтөн элдердин алдында абийрибизди айрандай төгүп, батыштын абийирсиз феминизимин бизге таңуулап, өз элине каршы болуп, өз элин маңкуртка теңеген, депутат сөрөй Чыныбай Турсунбеков өзү маңкурт болуп жүргөнүн өзү тастыктап койду окшойт”, деп жазып чыкты.

Эске сала кетсек, Депутат Чыныбай Турсунбеков, жергиликтүү басылмалардын бирине, “Тарыхта “ төө чечмей” оюну болуп келген. Бул оюнда жылаңач аял төө байланган арканды чечүү керек болгон. Эгер оюнду утуп кетсе ал жеңүүчү аталган. Бул салт бизде өткөн кылымда эле бар болчу. Муну билбегендер буга чейинки кыргыздар жылаңач аялды көрбөгөнсүп сөз кылып жатышат. Алар бул оюндун тарыхты билбегендер. “Төө чечмей” оюну Октябрь революциясына чейин уланып келген. Андан кийин көк-бөрү , ат чабыш, күрөш оюндары калыптанып калган. Бул оюндар кыргызда жок болчу дегендер жаңылышат”– деп маек берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости