www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылдын октябрында  ЖК депутаттары 6- чакырылыштагы комитет жетекчилерин дайындаган, андан бери бир топ өзгөрүүлөр иболоду.  Чыгышта чычкан баштаган,он эки жыл эсеби бар, комитеттер менен окшошоор бекен?

Чычкан

Комитет: Коопсуздук жана коррупцияга каршы комитет, (КОМИТЕТ ПО ПРАВОПОРЯДКУ, БОРЬБЕ С ПРЕСТУПНОСТЬЮ И ПРОТИВОДЕЙСТВИЮ КОРРУПЦИИ)

Жетекчиси: Никитенко Наталья (Ата-Мекен)

Азыктанат: Конституциялык сот, омбудсмен, адам укугун коргоо уюмдары.

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Мышыкка –мыйзам, чычканга – оюн»

Жек кѳргѳн макалы: «Мышыкка - оюн, чычканга – ѳлүм»

Мүнѳздѳмѳ:

Чычкан – башка бийлик бутактары сыяктуу эле бюджет кемирүүчүлѳрдүн катарына кирет. Башкалар сыяктуу «оптом» сугуна албайт, ебеби ѳздѳрү мыйзамды кѳзѳмѳлдѳп, «мыйзам – буйлалуу тѳѳ» -экенин билишет. Бир күнү капканга түшүп калаарын да түшүнүшѳт. Ошондуктан, мыйзам четинде билгизбей чычкан сымал ташый беришет. Кокусунан кимдир –бирѳѳ ташып жатканын билсе, «атасын» парламенттен окутушат. «Мышыктар» менен компромиссте жашашат. «Мышыкка –оюн,чычканга -ѳлүм» -дегенди жек кѳргѳндүктѳн,мышыктарга каршы мыйзамдарды кѳбүрѳѳк чыгарууга умтулушат.

Уй

Комитет: . Коргоо, коопсуздук,тартип кѳзѳмѳлдѳѳчү жана сот-укуктук  (Комитет по обороне, безопасности и международным делам)  

Жетекчиси : Пирматов Исхак Айтбаевич (

Азыктанат: Коргоо министрлиги, ИИМ, сот, прокуратура

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Зоот уурдаган тамакка, тоок уурдаган камакка»

Жек кѳргѳн макалы: «Кунаажын кѳзүн сүзбѳсѳ, «кылмышкер» жибин үзбѳйт»

Мүнѳздѳмѳ:

«Жаман уй жайытын бир күндѳ түгѳтѳт» -дейт. Ал эми жакшы уйлар тартипти сакташып, ѳз жайытын кѳздүн карегиндей күнү-түнү коргошот. «Музоо кезде сүздүрүп койбосо» наам алып, торпокко кѳтѳрүлүшѳт. Баданын башкы букасы менен тааныштыгы бар торпоктор «бука жокто торпок - бий» -дешип, ѳзүнѳн наамы жогору ноопаз, букачар, ѳгүздѳргѳ баш кѳз боло берет.Бир ѳзүнѳ ишенген БУКАлары карышкырды кабыштыра сүзѳт,карышкырлар менен ынак мамиле түзгѳн букалар деле кезигет.

Барс

Комитет:Транспорт,коммуникация, курулуш жана архитектура (КОМИТЕТ ПО ТРАНСПОРТУ, КОММУНИКАЦИЯМ, АРХИТЕКТУРЕ И СТРОИТЕЛЬСТВУ)

Жетекчиси: Мавлянова Махабат Эргешовна

Азыктанат: Экономиканы ѳнүктүрүү, соода,туризм, транспорт,коммуникация министрлигинде, инвестиция, кичи жана орто бизнес, курулуш жана архитектура комитеттеринде

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Жолборстуку жолдон»

Жек кѳргѳн макалы: «Жолборс терисин жамынган баатыр»

Мүнѳздѳмѳ:

Жолборстордун жону жаман катуу, жогору жактагылар жолборстторду жоошута алышпай, башкаларга «ойт» десе, «айт» дешип жорголоп кетишет. Аларга окшоп ит сыяктуу илгиртпей куйруктарын чамгарактаганды үйрѳнүшкѳн эмес. «Жолборстуку жолдон» -деген жоон макалды принцип тутушуп, алыска аттанышып, чаң ызгыткан чабыты менен аңын чалып келишет. Комдонуп жатышып конок болуп, коньяк ичишпей,комитеттин, министрликтердин «коон үзүшпѳй» иштешине дилгир. Биздин чакан мамлекет туризм менен гана бутунан туруп алса болот, бирок миллионер болгондор миллиардга чамынышып, элди ойлогондор гана комитет кучактап калышты.

Коён

Комитет: . Экономика, бюджет жана каржы  (Комитет по экономической и фискальной политике).

Жетекчиси: Токтошев Эмил Токтакунович

 Азыктанат: Капчыгы калың Каржы,экономика  министрликтеринде

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Ашыкпаган Минфин, араба менен инфляция-коёнду кубалап жетиптир»

Жек кѳргѳн макалы: «Коркок коён, качан тоём»

Мүнѳздѳмѳ:

Инфляция коён сымал колу-бутуна тийбей сызып бараткан заманда, араба менен калдырап кууп бара жаткандай элес туулат. Эх, чиркин,эптеп коёнду «обгондоп» ѳтүп алсак, кулагынан басып кармап, «колго түшкѳн коёнду, коё берсе оңобу?» - деп, терисин тескери сыйырып, чарык кылып кийип алмак белек? А бирок «коёндун териси бир күндүк чарыкка» чыдайбы? Андан кийин кантип оокат кылабыз? Деги ашыкпай жүрсѳк, араба менен инфляция коёнго жетер күнүбүз болобу?

 Балык

Жогорку Кеңештин төрагасы:  Дастан Жумабеков  Азыктанат: Бардык жерде

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Балык башынан сасыйт, бирок аягынан тазалайт»

Жек кѳргѳн макалы: «Балыкта сүт болбойт, баласын суу асырайт»

Мүнѳздѳмѳ:

Океан, деңизде саякат кылууну сүйѳт. Акула,киттерди кѳргѳндѳ балык сымал үн катпайт. Азыр коңгуроо кагып балыктар салыктар менен иштебесе,бизнестин битин сыккандарды жыйырма жактан текшерип, чѳнтѳгүн сыгып аткандар азайбай, кѳбѳйѳ берет. «Уурунун күнү чуу менен, балыктын күнү суу менен» -дегендей балыктар ѳз фаунасында күчтүү аракет кылышса тышкы экономикабыз кѳрдү эмес, ѳрдү кѳздѳй жылаарына шек жок. «Качан алтын балык кармап алабыз» -деп үмтѳтпѳй, жѳнѳкѳй балыктар менен бакубат турмушта «шагом марш» кете берсек болот.

Жылан

Комитет: Жылуулук,энергетика, жер алдындагы кендер (Комитет по топливно-энергетическому комплексу и недропользованию) Жетекчиси: Кожобек Рыспаев (СДПК).

Азыктанат: Энергетика министрлиги, кендерде алтын менен азыктанат

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Кошунаңа тоок берсең казын сура, «ашынаңа» ток берсең газын сура»

Жек кѳргѳн макалы: «Жылан тоюп ийнине кирди»

Мүнѳздѳмѳ:

«Жылуу сүйлѳсѳ, жылан ийнинен чыгат» -дейт,эмеспи, «ашыналар» менен жылуу сүйлѳшсѳк, үйлѳр жылуу болоорун жыландар билишет. Албетте, жер алдындагы кендин, казынанын ээлери жыландар. Парламенттеги кен маселелери жыландарга тиешелүү, «жылан чакпай, жылкы теппей» кол ийрисине тарткан мыйзамдарга кѳңүл ооп кетпесе, биздин ѳлкѳбүз кендерге кенен эмеспи. Ошондуктан, элдин жыргалчылыгы жыландардын колунда.

Жылкы

Комитет: Айыл чарбасы,  (КОМИТЕТ ПО АГРАРНОЙ ПОЛИТИКЕ, ВОДНЫМ РЕСУРСАМ, ЭКОЛОГИИ И РЕГИОНАЛЬНОМУ РАЗВИТИЮ)

Жетекчиси: Алимбеков Нурбек Каарыевич

Азыктанат: Айыл чарба министрлиги

Зодиак белгиси: Текечер

Негизги девизи: «Күндүк ѳмүрүң болсо,түштүгүнѳ губернаторлук «кресло» мин»

Жек кѳргѳн макалы: «Жылкыңа карап ышкыр, алыңа карап иш кыл»

Мүнѳздѳмѳ:

«Жалгыз чапкан ат күлүк» -дейт эмеспи. КСДП кысыр калбай, эки комитетке ээ болду. «Жарамсыз ат жан кейитет» -дегендей жабалактап «бир ѳңдүү жолго» түшүп бара жаткандарга, тескери жолго түшүп алып чаап бараткан жарашат болду бекен? Жарашабы, жарашпайбы жылкыны кадырлап, сыйлаган элеттик элибиз токчулукта жашаш үчүн жылкылар негизги күч болот. Мейли, парламент «Аппак жолго» түшүп алып, алыстап кетсе кете берсин, айылдарга жылкы минип кайрылар адам барбы. Же… «Атың тайган болсо така менен такала, заманың тайган болсо, бир жакшыны калкала» -деп ата –бабабыз айткандай, кайсы жакшыга барып калкалайбыз?

Кой

Спикердин орун басары:Бакиров Мирлан Исакбекович

Азыктанат: Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу агенттиги, айыл ѳкмѳтү

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Кой жана кой, жегенге той»

Жек кѳргѳн макалы: «Аксак кой түштѳн кийин маарайт»

Мүнѳздѳмѳ:

 «Кыйшык болсо да жол жакшы, кортук болсо да кой жакшы». Жаңы жарык кѳргѳн «Ак жолду» эч ким азырынча «кыйшык жол» деп айта элек. А бирок парламенттик шайлоодо «ээрге мингенде эле,кыйшык отурганын», канча жашырсак да сезилип турат. «Ат караган жолго кезигет, кой караган тойго кезигет». Колхоз убагында кой карап кѳнгѳн элеттик элибиз, эми кой карагандан той караганды артык кѳрүшѳт. Анткени, бул заманда тойлогондор кѳп, жойлогондор да кѳп, ал эми элди ойлогондор бар бекен?

Маймыл

Спикердин орун басары:Касмалиева Аида

Азыктанат: Тиешелүү органдар

Зодиак белгиси: Балык

Негизги девизи: «Адамды маймылдан эмгек жараткан»

Жек кѳргѳн макалы: «Империализм –ѳлүп бараткан капитализм»

Мүнѳздѳмѳ:

Коммунизмдин идеологу Энгельс дин кызматкери менен талаша кетет. «Адам маймылдан жаралган» -дейт Энгельс. «Жок, кудай жараткан» -дейт дин кызматкери. Экѳѳ талашып отуруп, акыры дин кызматкери: «Мейли ар ким ѳз пикирибизде калалы. Мени кудай, сизди маймыл жараткан» -дейт. Биздин коммунисттер маймылга жакын эмеспи, мейли толгондон маймылга ылайык эле келет экен.

Тоок

  • Комитет: Билим,илим, маданият, жана маалымат саясаты (КОМИТЕТ ПО СОЦИАЛЬНЫМ ВОПРОСАМ, ОБРАЗОВАНИЮ, НАУКЕ, КУЛЬТУРЕ И ЗДРАВООХРАНЕНИЮ)

Жетекчиси: Молдобекова Гулкан Сакиновна

Азыктанат: Билим,илим, маданият жана маалымат тармактарынан

Зодиак белгиси: Текечер

Негизги девизи: «Кой үстүндѳ торгой эмес,тоок жумурткалайт»

Жек кѳргѳн макалы: «Тооктун түшүнѳ кѳлдүн жумурткасы кириптир»

Мүнѳздѳмѳ:

«Тоок тогуз күн ачкага чыдайт» -дейт. Чынбы, калпбы белгисиз. ЖОЖдордун саны боюнча жогорку орунда турабыз, деңгээлибиз колдун чеңгээлиндей заманда дипломдун кунары кетти. Баалар да сатылып,барк да сатылып, таксист эмес тачкисттер да капчыгына диплом салып жүргѳн маалда, «мээлерибиз» агылып, тээ алыска кетип жатканда, комитеттегилерге кооз салам: «Ку-ка-ре-ку!»

Ит

Комитет:Көзөмөлдөө, ( КОМИТЕТ ПО КОНСТИТУЦИОННОМУ ЗАКОНОДАТЕЛЬСТВУ, ГОСУДАРСТВЕННОМУ УСТРОЙСТВУ, СУДЕБНО-ПРАВОВЫМ ВОПРОСАМ И РЕГЛАМЕНТУ ЖОГОРКУ КЕНЕША КР)

Жетекчиси: Керезбеков Канат

Азыктанат: Соттордо

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Ит күчүгүн жумшайт, күчүк куйругун жумшайт»

Жек кѳргѳн макалы: «Ит муштумун түлкү сүйбѳйт»

Мүнѳздѳмѳ:

Ит да бакма жаныбарлардын катарына кирет. Бакмаларды бюджет багып турат. Азыр мушташууну бардык жаныбарлар үйрѳнүп алган. Башка жаныбарлардан айырмаланып – асыл тукумдуу «боксер» иттер иттей мушташат. Мурунку парламентте бокс боюнча «чала мастерлер» болсо да, билегин түрүнүп алып чыга калышчу эле. Бул ЖКда бокс боюнча дүйнѳнүн чемпиону, профессионалдар бар. Эгерде кожоюндун бокска кѳңүлү түз экенин айтсак, биздин ѳлкѳдѳ бокска кѳз кѳп бурулуп, ринг саясий очокко айланып кетпесин.  

Доңуз

Комитет: экономика жана фискалдык иштер боюнча (Комитет по экономической и фискальной политике)

Жетекчиси: Бекешов Дастан орун басары болгону менен жетекчисинин кошо жетектейт

Азыктанат: Экономика министрлигинде

Зодиак белгиси: Букачар

Негизги девизи: «Темирдей бекем тартипти кармабасаң, доңуз коопсун!»

Жек кѳргѳн макалы: «Ит жокто, доңуз үрѳт»

Мүнѳздѳмѳ:

Башкалардан айырмаланып, доңуздар жамандык болоорун алдын-ала сезишет.Ошондуктан, «доңуздай артынан билет» -деген сѳз калган. Доңуздардын экономикага кѳзѳмѳлдүк кылышы бир жагынан туура: «Доңуз этикасы» да керек! Күлгѳ оонаган доңуздай ѳздѳрү экономиканы эңшербесе болду. Мурунку парламентте катуу жешер эле. Эмки ЖКга дайындалып келген депутаттар, этиканы сакташ керек. Болбосо, депутаттык кызматынан кол жууп калышы ыктымал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости