www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Какшыктап" койбосо эле болгону.

Маданиятты мыкты түшүнгөн адамдардын, бүгүнкү элдин маданияттуулугунан, "жасалма", жаңы, батышчыл маданиятттулукту таңуулап жаратып чыгууну талап кылып жаткандарына таң каласың. Туура, дүйнө өзгөрүп баратат. Акыл эс дагы. Дүйнө бизди таң калтырып бүтө элек. Батышта уулу энесине же эркек эркекке, кыздары кыздарга үйлөнгөнүн көрүп үрөйүбүз учуп жатат. Алардын түшүнүгүндө ал туура көрүнүш. Туура болгону үчүн үйлөнүп жатат да. А биз үчүн кандай жийиркеничтүү. Эркиндик, каалоонун жеткен чеги ошол экен аларга. Урушсаң укугун бузасың. Азыр да Роза апчем баштап, андай эркиндикти айтып, мына минтип колдоп койгондорубуз да бар.

Мисалдары, дал ошол батыштын түркүн шоусундагы жосунсуз жоруктар. Жылаңач кыздарды иш чараларга аралаштыруу, оюн зооктун көркүн ачуу же коноктор үчүн башкача таасир калтыруу эзелтен эле бар болчу. Мисалы, бокста, эрежесиз урушта анчалык болбосо да жылаңач кыздардын сандарды көтөрүп айланып коймойу. Ал башка маданият. Канчалык туура көрүп, түшүнүгүбүзгө сиңип, салттуу көрүнүш болуп калса да, канчалык жагып жатпасын, жаныбыздагы жакындарыбыз үчүн уялып калмайыбыз бар. Биздин башкы маданиятыбыз ошол- уялып калуу.

Батышта деле ар түркүн иш чаралардын артыкчылыгы катары, ал турсун жарнамалык максатта, эл көңүлүн бурдуруу тилекте, окуяны коомго терс көрүнүш катары көрсөтүү ниетте уюштуруп коюшу мүмкүн болгон жагдайлар толтура. Ошону маданият, адам укугу деп түшүнүп жатсак жыргаган экенбиз.

Батыштын маданиятынан, элинин экономикалык, социалдык жашоо шартынан бери дегенде 100 жылга арттабыз деп калабыз. Ошону билип туруп, жок дегенде биздин эл угуп, бирок түшүп көрбөгөн метро, трамвайларды биринчи алып келип анан "жылаңач маданиятты" алып келсеңер мынчалык талкуу болбойт элеңер да, журт жакшылары.

Күнболот Момоконов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости