www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне-баланын өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаева кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка" аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Рыспеков билдирди. Ал кошумчалагандай, инспектор 22-февралдан тартып өз арызынын негизинде иштен кетти.

Таластын Кара-Суу айылында 20-февралда иске ууланып энеси менен кызы каза тапкан. Курман болгондон келиндин жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясын төлөнбөгөн карызы үчүн өчүрүп кеткен инспекторду айыптаган. Ал эми иске ууланган балдардын бири Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборуна которулду. Анын абалы дагы эле туруктуу оор бойдон турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасынын башчысы Нурдин Усупбаев билдирди. Дарыгердин сөзү боюнча балдардын экинчиси - 13 жаштагы бала ооруканадан чыгарылды.

20-февралда Таластын Кара-Суу айылында бир-үй бүлө иске ууланып, энеси менен кызы каза тапкан. Беш жана он үч жаштагы эки бир тууган ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон учурда үй-бүлөнүн ээси улуу баласын дарыгерге каратыш үчүн Бишкекте жүргөн. 

Учурда 5 жаштагы кыздын абалы оор.

Эске салсак, 20-февралда Талас облусунун Кара-Суу айылында ис уруп 37 жаштагы келин жана 15 жаштагы кызы көз жумган. Каза болгон келиндин дагы 13 жаштагы уулу жана беш жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости