www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын түбүнө Акаевдин убагында ошол кезде айыл чарбаны жетектеген министр Бекболот Талгарбеков жеткени боюнча академик Жамин Акималиев дайыма айтып түгөтө албайт. Чынында эле Москванын, Ленинграддын элин сапаттуу эт менен камсыздаган өлкөнү жок кылууга ушул Талгарбекков салымын кошкондугун башка эски адамдар деле эмгиче зар какшап баяндап жүрүшөт. Демек, адал кептин төркүнү бар дегенге туура келет. Ошол эле миңдеген доллардын башын жеген Австриялык кочкорлордон эмне пайда таптык? Биздин шартка туура келбеген кочкорлордун ал тургай эти да арам болуп кеткени боюнча кептер азыркыга чейин түгөнбөйт.
Мурунку бийликтин капканына чабылган Бекболотту негедир азыркысы куткарып чыкканы боюнча түркүн божомолдор токулууда. Мындай күмөндүк бекерден чыкпагандыр? Ошол жакшылыгын актоо үчүн учурда бул киши кеткен ажонун жоорун улам чукулап турган кези. Ошентсе да эмне үчүн бүтүндөй өлкөнүн төрт түлүгүнө доо келтиргени боюнча Жамин Акималиевди дебатка чакырып бир жаңсыл кылса балээден кутулмак. Бирок, антүүгө Талгарбековдун шаасы жетпейт деп койсок капа болбостур? Маселен, Акималиев дебатка илибой учурда даяр экендигин жашырбайт, туурабы? деп Ачык сөз өз пикирин жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg