www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциялык 60 жаштагы тамеки чекпеген адам, тамекинин кутучасындагы эскертүүчү сүрөттү көрүп катуу капа болгон. Ал капа болгонунун маалымат каражаттары менен бөлүшкөн. Анткени анда өзүнүн сүрөтү көрсөтүлүп, астында чылым чегүүнүн кесепетинен буттан айрылып калуу коркунучу бар экени жазылган.
Көрсө, бул адамдын бутуна 1997-жылдагы Албаниядагы баш аламандыкта ок тийген экен. Кийин анысы ырбагандыгынан улам, дарыгерлер бутун кесүүгө аргасыз болушкан. Ал эми өзү өмүрү тамеки чекпегенин, жаман адаттардан алыс экенин айткан.
Кутучада көрсөтүлгөн сүрөт 2018-жылы жергиликтүү ооруканалардын биринде тартылганын эскерген бул адам, ал кезде сүрөтүнүн көпчүлүккө чыгып кетерин билбептир. Ал тургай андан уруксат сураган жан болгон эмес. Андыктан ал сот аркылуу моралдык укугун коргоону көздөөдө.
Булак: NazarNews.kg