www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Чүйдүн тургунуна үч бөлмөлүү жер там тапшырды

Бүгүн, 18-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну Мирбек Кадыралиевге 3 бөлмөлүү жер тамдын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилей кетсек, М.Кадыралиев 2024-жылы оор жүк ташуучу болуп иштеп жүрүп, унаанын дөңгөлөгүн оңдоо учурунда жарылуу болуп, бир колунан ажыраган. Жыйынтыгында иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбой, каражат жагынан кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары үй-бүлөсү менен батирлеп жашап, жаңы тамын бүтүрүүгө шарты болгон эмес. Мамлекеттен жардам катары пенсия алууга да эмгек стажы жетпей калган. 

Мындан улам, 3 баланын атасы Мирбек Кадыралиев фейсбук социалдык тармагы аркылуу КР Президенти Садыр Жапаровго жана УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевге 2025-жылдын 25-августунда жардам сурап кайрылган. 

Жыйынтыгында эки күндүн ичинде өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жеке өзүнүн тапшырмасынын негизинде, Ташиевдин көзөмөлүндө жаңы тамдын курулушу башталган. 3 бөлмөлүү жер там 1 айдын ичинде бүткөрүлүп, бардык заманбап шарты менен Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө тапшырылды.

Ташиев Мирбек Кадыралиевге бекем ден-соолук каалап, жаңы ак өргөөсү менен куттуктады.

Жаңы тамдын ээлери өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылыктарын айтышты. 

Камчыбек Ташиев үй тапшыруу аземинен соң, Кайыңды айылынын тургандары менен жолугуп, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн укту.

 

Последние новости