www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Алмазбек Атамбаев менен саясатта көз карашы дал келбей, анын саясатына макул болбой ачуу сындарды айтканы үчүн көп саясатчылар камакка алынып, алды 14 жылга кесилген. Башкача айтканда, саясатчыларды сындыруу, камоо жагынан Атамбаев рекорд койгон.
Күнөөсү далилденбесе да, саясий буйруктун негизинде камакка алынган саясатчылардын басымдуу бөлүгү көп жылга кесилсе да, президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурашпайт.
Анткени, ырайым сурай турган болсо, күнөөсүн мойнуна алган болуп калышат. Алардын ырайым сурап, президентке өтүнүч келтирбеген пикирин белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев да колдойт.
Эгерде ырайым Өмүрбек Текебаевдин 60 жашка чыккандыгы боюнча бериле турган болсо, анда Жапаров 50 жашка Талгарбеков 60 жашка толгонун баса белгиледи. "Саясий куугунтуктун айынан камакта отургандарга ырайым кылынышы керек"-, дейт Камчыбек Ташиев.
Булак: NazarNews.kg