www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-30-апрелде Ташкент шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациялардын катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун (ӨАМ) долбоорун талкуулоо боюнча кезектеги расмий сүйлөшүүлөрдүн айлампасы өттү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, катышуучулар бул долбоор бардык тараптар үчүн маанилүү жана экономикалык жактан пайдалуу экенин белгилешти.Ошондой эле өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир тийгизүү менен катар, калк ортосундагы бекем достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөөрү айтылды.
Кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектр станциясы өлкөнүн энергетикалык потенциалын жогорулатууда жана аймактагы энергетикалык системалардын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар макулдашуунун долбоорунун бардык беренелерин кеңири талкуулашты. Пикир алмашуу учурунда долбоордун макулдашылбаган жоболору конструктивдүү түрдө иштелип чыкты. Андан ары өз ара урматтоо жана алгылыктуу чечимдерди табууга умтулуу принциптерине негизделген ар кандай ыкмалар сунушталды. Ошондой эле кийинки сүйлөшүүлөр үчүн маселелер белгиленди.
Кыргызстан үчүн бул долбоор энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо жана ”жашыл” энергетиканы өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ экени өзгөчө белгиленди.
Жолугушууга Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү байкоочу катары катышып, долбоорду илгерилетүүдө эл аралык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн тастыкташты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорунун жоболорун макулдашуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Соңунда макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу жана конструктивдүү диалогду сактоо тууралуу макулдашуу жетишилди.
“Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында Нарын дарыясында ишке ашырылып жаткан ири энергетикалык объект болуп саналат.