www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын дос элин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады.

«Биздин элдерибиз Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында жана оорукта баш кошкондукту, каармандыкты жана кайталангыс эрдикти көрсөтүп, фашизмди жеңип, болочок муундар үчүн эркиндикти жана тынчтыкты сактап калышты. Алардын даңазалуу эрдиги ар дайым биздин эсибизде калат. Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүү үчүн согуш жылдарында катаал сыноолордон өткөн элдерибиздин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди биргелешкен аракеттер менен мындан ары да өнүктүр беребиз деп ишенем», — деп белгиленген телеграммада.

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык ардагерлерине — бак-таалай, бакубатчылык, узун өмүр жана жакшы маанай каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости