www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанга мыйзамсыз бара жакткан унаа ок атылып токтотулду

Чек арачылар менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Тажикстанга мыйзамсыз жүк алып чыгып бара жаткан автоунааны токтотушту. Бул тууралуу маалыматты атайын кызматтын маалымат катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ганжак аймагында кызмат өтөп жаткан чек арачылар мамлекеттик чек ара сызыгына "Kia" үлгүсүндөгү автоунаанын келе жатканын байкашкан.

Айдоочу кызматкерлердин автоунааны токтотуу талабына баш ийген эмес.

"Чек арачылар мыйзамсыз аракеттерди алдын алуу үчүн абага ок атууга аргасыз болгон. Айдоочу ошондо гана токтогон. Текшерүү учурунда 31 жаштагы киши Кыргызстандан Тажикстанга 1,5 тонна кургатылган тамеки алып чыгып бара жатканы белгилүү болду", — деп жазылат билдирүүдө

Булак: NazarNews.kg

Последние новости