www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында мас айдоочуларга карата рейд жүргүзүлүп, үч күндө 1 миллион 575 миң сомдук айып салынды. Бул туурасында борбор калаанын Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
"Бахус" аталышындагы рейд 30-июлдан 1-августка чейин өтүп, көчөлөргө посттор коюлган. Иш-чаранын максаты — тынбай жол кырсыгына кириптер болуп жаткан мас айдоочуларды аныктоо.
Натыйжада үч күндүн аралыгында ичимдик ичип руль башкарып бара жаткан 90 айдоочу аныкталып, айыпка жыгылган.
Ошондой эле терезесин мыйзамсыз түрдө караңгылатып алган жети, документи жок айдап жүргөн 143 айдоочу токтотулган. Мындан башка дагы 2 399 эреже бузуу катталган.
Аны менен катар 289 машина айып короосуна киргизилген.
Булак: NazarNews.kg