www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын кайрылуусу расмий каттоого алынды. Ишти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине жиберген “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын билдиргени боюнча, бул комитеттин эксперттери кайрылууну кароого кабыл алышты дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат укук коргоочуларга 26-февралда берилген. “Адилет” укуктук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо өтүнүчү менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине былтыр июнда кайрылган.

Мурдараак “Адилет” клиникасы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын түшүндүргөндөй, өтүнүч жаңы жагдайга - Кылмышпроцессуалдык кодекстин ишке киргенине байланыштуу берилди. Бул аралыкта Жогорку сот Ө.Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо чечимин кабыл алды. Сот жараяны 23-апрелге дайындалды.

Мындан мурда экспрезидент Роза Отунбаева да президент С.Жээнбековго Ө.Текебаевдин иши боюнча кайрылган. Бирок ага мамлекет башчы талаптагыдай жооп бербей койгон. Эми Жогорку сот кокус актап жиберсе же жок эле дегенде жазасын жеңилдетип койсо эмне болот? Бул бийликке чоң сокку эмеспи?

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости