www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент А.Атамбаевдин учурунда Мамлекеттик мүлк фонду, Экологиялык жана техникалык инспекция сыяктуу майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп, эбегейсиз байып алган, үйүн тинткенде бир ЗИЛ доллар чыккан Дүйшөнбек Зилалиевдин азыркы абалы мышык ыйлагыдай. Тилекке каршы ал күнөөсүн моюнга алып, кыргыз элинен кечирим суроонун же жеген-ичкенин мамлекетке кайтарып берүүнүн ордуна “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп, жантыгынан жата калып актанууда.

Ушул жумада болсо анын атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды. Анда Залилаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген. “Алсак, менин мүлктөрүмөн тышкары, мага таандык экенин далилдебестен эле дээрлик бардык туугандарымдын мүлкү камакка алынды. Атайын кызмат жакшылап териштирбестен эле эмнеге мынча шашып жатат? Мен ошол адамдардын реакциясын элестетип жатам. Бул маселени сотто чечишип алабыз деп ойлойм”,- деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары анда Залилиевдин туугандары менен ага таптакыр тиешеси жок адамдар менен компаниялардын дагы эсептери камакка алынганы жазылган. “Улгайып калган ата-энемдин пенсиялык эсебин жана туугандарымдын маяна ала турган карточкаларын камакка алышты. Тактап айтканда, алар пенсиясыз жана айлык маянасыз калышты”,- деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле анда Зилалиевдин былтыртан бери ооруп жаткан уулунун чет өлкөгө дарыланып келүүсүнө уруксат берилбей жатканы жазылган.

Эгер ооруп жаткан уулун чет өлкөгө чыгарбай жатышса, анда бийликтики деле туура эмес. “Сын за отца не отвечает” деген аксиоманы эч ким жокко чыгара элек. Балким, пенсиясыз калган атаэнесинде деле күнөө жоктур. Бирок өзү мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости