www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке кайрылган жарандын уулунун өлүмү текшерилип жатат. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Кенжегүл Усубалиева бир жарым жыл мурун, 21-жаштагы баласынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши дагы деле аягына чыга элек деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Аталган кылмыш иши боюнча Ысык-Көл облусунун ИИБ төмөндөгүлөрдү билдирет. 2017-жылдын 10- июнунда саат 7:15 чамасында Ак-суу районун ИИБ Жолголот айылынын кире беришиндеги кайрылышта кишинин сөөгү табылгандыгы туурасында маалымат келип түшкөн. Тергөө иштеринин жыйынтыгында 1996-жылы туулган Ново-Вознесеновка айылынын тургуну Темирлан Алиев экендиги аныкталган. Ал октон алган жаракатынан улам каза болгон.

Кенжегүл Усубалиеванын баласы Темирлан Алиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында текшерилип жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости