www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КСДПнын 18-съездинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз интервьюсунда “Бакиевдин доору кайра келди” деп үй-бүлөөлүк клан дегенчелик кылып шилтеме жасады. “Как будто” ушул Сооронбайды биз ажо кылып отургузуп койгонсуп. Атамбаев өзү кенен жарым саат сүйлөп досум деп бата берип бул доскеси болсо «Ак Шумкар» наамын берип таранчыны бүркүткө теңегендей эле иш кылбады беле? Эми АША асмандан түшкөнсүп бир тууган Жээнбековдор деп жамандап калыптыр го? Если что, айтып коёлу буга, Асылбек менен Сооронбай илгертен эле шайлоого чейин эле бип-бир тууган болчу өзү тактыга отургузуп коюп анан баягы Кедейкан дастанындагы ханга окшоп калып кимге доомат кылганы жүрөт? Бакиевдин доору жөнүндө айтсак ал доор карапайым адам үчүн түзүк эле доор болгон.
Албетте мен Бакиевди актабайм да, болушпайм... Бирок болгонун болгондой айтуу керек. Ал кезде пенсиялар эки эсеге жогорулаган, 23 миң майыпка айына миң сомдук пенсияга кошумча компенсация чектелген. Врачтарга, майыптарга бекер квартиралар берилген. Орто бизнес жакшы өнүгө баштаган эле...
Ал эми аянтта каза болгондорго жалгыз Бакиев гана күнөөлүү эмес, ошол кездеги оппозиция сөрөйлөр АША баш болгондор элди дүрбөтүп астына салып айдап барышпаса балким кырсык болбойт беле ким билет? Буйрутма киши өлтүрүүлөр болгон дешет бирок сөз чынында ал курмандыктар карапайым адамдар эмес эле да... Жаныш, Максим Бакиевдердин чөйрөсүндө чогуу жүргөндөр гана өлтүрүлгөн деп айтылып жүрөт. Демек, ич ара жашыруун иштери болгон, бир нерсе талашка түшкөн жыйынтыгында талаштарын ок менен чечишкен. Анда бул жерде эл причем? Кыскасы ошол Атамбаев айткан “канкор” Бакиевдер карапайым адамдарга кол салып же тоногондору болбоптур. Максим Бакиев чоң бизнесмендерге салык салып турчу экен дейт. Бирок азыр ошол эле чоң бизнесмендер эч кимге салык “отметка” беришпейт бекен? “Отметка” деген нерсе тээ илгертен Акаевдин кезинде эле болуп келген, азыр да бар. Болгону азыр “кассир” гана алмашкан бир кезде Максим жыйнаганды кийин Алмаздын Фариди, Икрамы жыйнап жүргөн. Кыскасы, 7-апрелди ыңкылап болгон деп айтууга болбойт. Карапайым эл үчүн эч нерсе өзгөргөн жок. Өздөрү аянтка бир ууч куралчан элди чогултуп алышып эле бийликти алмаштыра коюшуп анан ыңкылап деп атап алышты. Ошол жылы 7-апрелде мен эртең менен бир досумдун свадьбасында жүргөм. Эртең менен тойго баратканымда президент Курманбек Бакиев болчу, кечинде тойдон келсем башка адам президент болуп калыптыр... Эмне болду? десем ыңкылап дешет, ошондо тан калдым эле ушундай да революция болот бекен деп...
Темирлан Ормуков, активист
Булак: NazarNews.kg