www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 18-июлунда КРнын Салык кызматынын жалпы кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу өздүк булактардан маалым болду. Анда быйылкы 2019-жылдын 6 айындагы салык жыйноонун маселелери ортого салынып, планга чыкпаган бир катар жетекчилердин жоопкерчилиги каралаары айтылууда.
Ошол эле маалда жыйынга Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин да катышаары, ал былтыр аталган кызматтын башына дайындаган Теңизбек Абжапаровго 2019-жылдын бюджетинде бекитилген милтеттемелерди аткарбагандыгы үчүн чара көрөөрү да белгилүү болду.
Эске салсак, быйылкы жылдын алгачкы кварталында салыктын көлөмү акыркы 6 жылга салыштырмалуу өтө аз, же 1,1 млрд. сомго аз жыйналып, экономикалык серепчилер бул өкмөттүн ишеним индексин кыйла түшүрөөрүн айтышкан эле.
Булак: NazarNews.kg