www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз байыгандыгы боюнча соттук процесси өтүүдө. Бирок, бүгүнкү соттук отурумга бир дагы күбө келген эмес. Ошондон улам, мамлекеттик айыптоо Абдыбеков жана Жураев аттуу күбөлөрдү соттук териштирүүгө мажбурлап алып келүү маселесин козгоду.
Ал эми Зилалиевдин жактоочусу сотко мамлекеттик айыптоонун сунушу мыйзамсыз экендигин айтып ал сунушту колдобоону суранды. Себеби, эки күбө соттук отурумду тоготпой жаткандыгы тууралуу кат жүзүндө документ жок.
Сот бул маселени ордунан карап чыгып, мамлекеттик айыптоонун сунушун четке какты. Ошентип, күбөлөр сот отурумуна мажбурлап алынып келинбей турган болду.
Тергөөнүн версиясы боюнча мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин декларацияланбаган турак-жайлары, батирлери жана банктык эсебинде 900 миң долларга жакын каражаты болгон. Айыпталуучу ал кинелердин бардыгы саясий шоу деп күнөөнү мойнуна албай тургандыгын айтса, тергөө анын билдирүүлөрүн “долулук” (истеричными) деп атады.
Белгилей кетсек, УКМК буга чейин Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына карата Латвияда дагы мыйзамсыз акча адалдоо боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат тараткан.
Булак: NazarNews.kg