www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Болот Манясов аттуу жаран 13 жаштагы небереси зордукталып, TikTok-блогерден төрөгөнүн айтты. Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Кичинекей кыздын чоң атасы милиция, прокуратура бул ишке тиешелүү чара көрбөй жатканын айтып кейүүдө. 

TikTok-блогердин аты-жөнү айтыла элек.

Манясовдун айтымында, алардын үй-бүлөсү айылда жашайт. 2021-жылы небересини ичи ооруп жаткандыктан аны ооруканага алып барышкан. Медиктер бел ооруга каршы дары жазып берген, бирок оору басылган эмес.

Болот Манясов небереси менен Бишкекке келип, ашказанын текшертүү үчүн УЗИ түшүргөн. Аны дарыгерлер коридордо күтүүнү суранышкан. Ошол учурда ооруканага милиция кызматкерлери барган.

Ал дарыгерлерден небересинин боюнда бар экенин укканда, дароо милицияга барып арыз жазганын айтты. 

Милицияда сурак учурунда кыз TikTok-блогер менен таанышканын, ал кызды Бишкекке чогуу видео тартууга чакырганын айткан. Ага ишенген кыз Бишкекке келген.

Кыздын айтымында, TikTok-блогер жаш кызды белгилүү кылам деп бир топ жолу зордуктаган.  

Адвокат Нурлан Токталиевдин айтымында, андан соң блогер кыздын эмне кылып жүргөнүн баарына айтам деп коркутуп, кылмышын уланта берген. Соңунда кыздын боюнда бүтүп, ал эркек бала төрөгөн.

Шаардык милиция бул маалыматты тастыктады. 2021-жылдын 23-ноябрында милицияга жаран кайрылып, А. аттуу жигитке каршы чара көрүүнү суранган. Ал 2021-жылдын август айында 2008-жылы туулган небересин бир нече жолу зордуктаганын айткан. Анын кесепетинен кыздын боюна бүткөн.

Аталган факт боюнча “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Милициядан билдиргендей, кылмышка шектелген жигит 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болбогонун айткан. Анын катышуусун аныктоо үчүн жаңы төрөлгөн балага ДНК-тест талап кылынат. Бирок бала 1 жаштан кийин гана аталыкты аныктоого болот деп билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости