www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29 мартта, парламентте, Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жалал-Абад курортундагы жагдай боюнча объективдүү эмес, бурмаланган пикирин билдирди, бул боюнча профсоюздар боюнча эксперт, Тимур Саралаев оюн айтты.

- Депутат Мирлан Бакиров кандайдыр бир деңгээлде, ишти калыс иликтебей туруп жана кайсы бир кызыктар тараптардын жазып келген, такталбаган, реалдуулукка жакындабаган маалыматтарды Жогорку Кеңештин трибунасынан угузду. Менин оюмча, ал айтып жаткан Жалал-Абад курортунун жетекчилиги тарабынын финансылык мыйзам бузуулар бар деген сөз туура эмес. Парламенттин трибунасынан мындай сөздөрдү айтаарда мурун, жок дегенде өзү үчүн маалыматтарды толугу менен тактап алса жакшы болот эле. Ал ойлоп жаткандай бир канча миллиондук мыйзам бузуулар жана зыян келтирүүлөр чынында орун алганда, анда азыркы Жалал-Абад курортунун жетекчилиги тергөөдө суракта, же сотто соттолуп жатмак. Менимче, депутат, тилекке каршы ага алып беришкен, такталбаган жана бурмаланган маалыматты айтып алды, деди Тимур Саралаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости