www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын VIN-коду өзгөртүлгөнүн аныкташты.

Текшерүү учурунда автоунаанын документтеринде көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтар дал келбегени аныкталган.

Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, VIN-коддун 10-позициясы 2019-жылды көрсөтсө, унаанын чыныгы чыгарылган жылы 2014-жыл экени белгилүү болгон.

Мындан тышкары, автоунаанын шассисинен идентификациялык номер өзгөртүлгөнүнүн белгилери табылган. Заводдук номер жок кылынгандан кийин анын ордуна башка номер түшүрүлгөн.

Аталган факты боюнча 1 млн 702 миң 938 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү эсептелген.

Маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, материалдар мындан аркы процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке келтирилген 1 млн 702 миң 938 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен өндүрүлдү.

Последние новости