www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Түндүк» системасына 3 миллиондон ашык жаран туташкан. Бул тууралуу «Түндүк» ачык акционердик коомунун директору Талант Аманов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, бул системанын жалпы колдонуучуларынын 80 пайыздан ашыгын түзөт.
«Өлкөдө Түндүктү колдоно алган 4,2 миллион адам бар. Бул бизде дагы эле байланышууга 1 миллиондон аз жаран калганын билдирет. Белгилүү болгондой, бир нече жылдан бери биз Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарын тиркемеге туташууга активдүү окутуп келе жатабыз. Бирок, аймактарда адамдар, айрыкча улгайган жарандар, байланышууга жана аны кантип колдонууну үйрөнүүгө шашылбайт. Алар жаштардан жардам суроону оңой деп эсептешет. Ошондуктан, мамлекеттик стратегиянын алкагында биз быйыл аймактардагы жарандарды окутууга көңүл бурууну көздөп жатабыз», — деп белгиледи Талант Аманов.
Ал кошумчалагандай, талдоо көрсөткөндөй, эң активдүү колдонуучулар 18 жаштан 40 жашка чейинки жарандар болуп саналат.